• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ооган бийлиги Кандагар шаары талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн ырастады

13 Баш оона 2021 15:51 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын бийлиги калкынын саны боюнча өлкөдөгү экинчи шаар эсептелген Кандагар талибандардын көзөмөлүнө өткөнүн ырастады.

Күн мурун «Талибан» кыймылы Ооганстандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарды — Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Бүгүн маанилүү стратегиялык пункт эсептелген Лашкаргах да талибдерге өткөнү ырасталды.

2021-жылдын август айына чейин талибдер Ооганстандын калк аз жайгашкан райондорун гана көзөмөлдөп келген. Бир апта мурун алар 34 аймактын борбор шаарларынын алгачкычын — Зарандж калаасын басып алышкан. Бүгүнкү күндө облустук борборлордун дээрлик үчтөн экиси «Талибандын» көзөмөлүнө өттү.

Ал ортодо АКШ Кабулдагы элчилигинин кызматкерлерин чыгарып кетүү үчүн шаарга амерткалык аскерлер жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Ооганстанда талибдердин чабуулдары 1-майдан тартып күч алды. Дал ошол күнү Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалиция өз күчтөрүн чыгара баштаган. Эл аралык күчтөр Ооганстандан ушул айдын соңунда толук чыгып кетери күтүлүп жатат.

Количество просмотров: 270