• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ооган качкындары АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгышты

19 Баш оона 2021 12:15 Бишкек Govori.TV

АКШнын элчилигинин жанында Ооганстандан келген качкындары митингге чогулушту . Алар АКШга, Канадага же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам сурап жатышат.

Митингчилер Кыргызстанда 20 жылдай жашашса да, бул жерде алардын укуктары бузулуп жатканын айтышууда. Алар кимдир бирөө чыкмайынча нааразылык акцияларын уланта тургандыктарын билдиришти.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, алардын арасында 2 миңге жакын студент жана качкындар бар.

Эске салсак, 18-августта Кыргызстанда 20 жылдан ашык жашаган афган качкындары БУУнун имаратынын жанында пикетке чыгышкан.

Количество просмотров: 587