• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оогандыктар Ошто окуй турган болду

9 Аяк оона 2018 10:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.09.2018.Govori.TV.
Памирден Кыргызстанга келген балдардын экөө билим алууну Ош шаарында улантышат. Алар буга чейин Нарын облусундагы кесиптик лицейде компьютерди колдонуу боюнча билимдерин тереңдетишкен.
8-сентябрда памирликтер менен Ош мамлекеттик университетининректору Каныбек Исаков жолугуштуп, алардын келечек максаттары менен бөлүштү.
«Эми бир туугандар Абдулвакил менен Нурулхуда Турдахун уулу Ош мамлекеттик университетинин карамагындагы окуу жайларда билим алып, жатакана, тамак-аш менен акысыз камсыз болушат», — деп билдиришти окуу жайдан.
«Памирден келген бир туугандарды педагогикалык колледжге жана ыйман лицейине жайгаштырып жатабыз. Булар эми биздин студенттерибиз. Аларды кечээ, 7-сентябрь күнү жатаканалардын бирине жайгаштырдык. Эки-үч күндүн ичинде башка жатаканага которулуп, ал жерден 3 маал ысык тамак менен камсыз болушат», — деди окуу жайдын социалдык иштер боюнча проректору Түмөнбай Колдошев.
Абдувакил Турдахун уулу 19 жашта.
Ал эми анын иниси Нурулхуда Турдахун уулу 16 жашта. Нурулхуда 9-классты аяктагандыгы тууралуу документтин негизинде «Ыйман» лицейинде билим ала турган болду.
«Биздин Кыргызстанга келгенибизге бир жыл болуп калды. Оштон алгач мектепти аяктап, андан соң чоң окуу жайдан билим алайын деп жатам. Мен чет тилин өздөштүргүм келет. Буга чейин да Ооганстанда чет тилдерин үйрөнүү үчүн атайын курстарга барчумун», — деди Нурулхуда.
Памирлик бир туугандарды «Сулайман-Тоо» музейи менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулкана башчысы Тынчтыкбек Досмуратов тааныштырды.

 

 

Количество просмотров: 21