• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ооганстан тараптан коркунуч жаралса Тажикстанга ЖККУ жардам берет

16 Аяк оона 2021 8:59 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөр ооган-тажик чек арасында абал курчуп кетсе Тажикстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу 15-сентябрда Душанбеде өткөн ЖККУ жыйынында айтылды.

Уюмдун баш катчысы Станислав Зась Душанбедеги жыйындын катышуучулары Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу боюнча БУУга көмөктөшүү тууралуу чечимди жактырышканын билдирди. Анын айтымында, ЖККУнун мындан аркы кадамдары ооган-тажик чек арасындагы абалга жана Ооганстандагы окуялардын өнүгүшүнө жараша болот.

Зась ооган-тажик чек арасында коопсуздукка байланышкан абал курчуп кете турган болсо, «уюмга мүчө өлкөлөр Тажикстанга бардык зарыл жардамдарды бере турганын» белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров азыркы этапта Москва талибдер менен байланышта экенин, биринчи кезекте алар менен коңшу өлкөлөр үчүн тобокелдиктерди жаратпоо боюнча сүйлөшүп жатышканын билдирди.

«Орусия талибдерге эч кандай шарттарды таңуулаган жок. Азыр алардын убадалары кандай аткарылат деп байкоо салып турат. Талибдер өз максаттарын айтышты. Терроризмге, маңзат трафигине каршы күрөшөбүз, Ооганстандын аймагынан коңшу өлкөлөргө эч кандай коркунуч келбеси үчүн болгон аракеттерди көрөбүз деп убада беришти», деди Лавров.

Ал ортодо талдоочулар ЖККУнун Ооганстандагы абалга байланыштуу аракетсиздигин сындап жатышат. Алар уюмга мүчө өлкөлөрдөн кыйла деталдуу анализди жана олуттуу чечимдери күтүшкөнүн билдиришүүдө. «Бүгүнкү күндө ЖККУга мүчө өлкөлөрдө Ооганстандагы абал боюнча бирдиктүү позиция жок. Менде уюмдун баш катчысы сүйлөгөндөн кийин ушундай сезимдер калды», деди тажикстандык талдоочу Косим Бекмухаммад.

Ал ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 16-сентябрда тажик президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтө турган жыйынында негизги чечимдер кабыл алынышы мүмкүн экенин кошумчалады.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Количество просмотров: 272