• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ооганстанда беш полиция кызматкери өлтүрүлдү

17 Аяк оона 2018 14:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Ооганстандын батышындагы Бадгис провинциясындагы өткөрмө-текшерүү бекеттеринин бирине жасалган талибдердин чабуулунан беш полициячы мүрт кетти. Бул тууралуу бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Жергиликтүү кеңештин мүчөсү Абдулла Афзали 17-сентябрда билдиргендей Кала-е-Нав районунда түнкү атышуудан дагы сегиз полициячы жаракат алды.

«Талибан» кыймылынын 22 согушкери жок кылынганын, 16 согушкер жаракат алганын Бадгис провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Жамшид Шахаби билдирди.

НАТО уюмунун аскерлеринин көпчүлүгү өлкөдөн чыгарылган соң Ооганстандын коопсуздук күчтөрү талибдерге жана башка экстремисттик топторго өз алдынча каршылык көрсөтүүгө аракет кылып келишет.

 

Булак: Аzattyk

Количество просмотров: 29