2017-жылы дал ушул күнү таңкы саат 7лер чамасында Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы Boeing-747 учагы «Манас» аэропортуна жакын жердеги үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн.
Анын кесепетинен 39 адам, 35 жай тургун жана экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Кырсыкта 19 үй толугу менен, 7 үй жарым-жартылай жана башка бир катар курулуштар талкаланган.
Жүк ташуучу учак Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортуна май куюу жана экипаждын алмашуусу үчүн конмок. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон.
Уктап жаткан элдин үстүнө кулаган жүк боюнча бир катар пикирлер айтылып, айрымдары жүктү ошол кездеги президент А. Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштырган. Муну менен катар кырсыктан жабыркагандарга чогултулган акчанын дайын-дареги да бир катар кептерди жараткан.
Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерээк токтотулган. Компания жарандарга компенсация төлөп берген.
Белгилүү болгондой, жабыркагандарга жардам катары ӨКМдин атайын эсебине элден 102 млн. сомдун тегерегинде акча чогулса, АСТ Airlines авиакомпаниясы 49 млн. сомдон ашуу каражат берген.
2022-жылы президент С. Жапаровдун демилгеси менен коомдук комиссия түзүлүп иштеген. Комиссия Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгон, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыгарган.
2018-жылдын 13-январында кырсык болгон жерге каза болгондорду эскерүү үчүн мемориал ачылган.
Ал эми аталган аймакта жашаган жарандарды көчүрүү маселеси көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.