• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ооганстандык 77 кыргыз “Талибандын” чабуулдарынан улам Тажикстанга кире качты

14 Теке 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Ооганстанда жашаган ондогон кыргыздар “Талибан” кыймылынын чабуулдарынан качып, Тажикстанга жер которууга аргасыз болгонун коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” жаңылыктар агенттиги 14-июлда кабарлады.

Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берилип жазылган жаңылыкка ылайык, 13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясына караштуу Вахан аймагындагы Андемин кыштагында жашаган 77 кыргыз Тажикстандын Мургаб районуна өтүп келишкен. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял, 31 өспүрүм бар.

“Учурда качкындар Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл округуна караштуу Андемин жана Чек-Дөбө аймактарына жайгаштырылды. Качкындар өздөрү менен кошо мал-жандыктарын айдай келишкен. 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана 30 жылкы”, — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 525