• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

17 Баш оона 2021 17:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы абал боюнча билдирүү таратты.

 Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы кырдаалдын жана окуялардын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатат.

«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн дос элдеринин жалпы тарыхына жана маданиятына таянып, Афганистандын бүткүл көп улуттуу элинин ички саясий туруктуулугуна, коопсуздугуна жана жыргалчылыгына дайыма чын дилинен кызыкдар болгон жана болуп келет. Биз бул өлкөдөгү кырдаал тез арада турукташып, укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлөт, бул өлкөнүн бардык саясий жана этникалык топторунун катышуусу менен көп жылга созулган аскердик жаңжал токтотулат жана Афганистанда көптөн күтүлгөн тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук орнотулат деп үмүттөнөбүз. Биз бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, зомбулукка барбоого жана улутуна, динине, саясий көз карашына карабастан Афганистандын карапайым калкынын коопсуздугун, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин камсыздоого, бардык этникалык азчылыктардын, анын ичинде Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги кыргыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга Афганистандан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз. Кыргыз Республикасы жакын арада тартип калыбына келтирилет жана Афганистандагы кризистик кырдаал күч колдонулбай, сүйлөшүү жолу менен чечилип, алдыдагы транзиттик мезгилде дос мамиледеги бүткүл дос афган элин канааттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөт»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 66