• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Оор баштыкчан кызга жардам берген милиционер…

5 Бугу 202011:02 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкери көчөдө оор баштыгы менен кетип бара жаткан кызды токтотуп, ага жардам берди. Бул тууралуу билдирүүнү Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жазды.

Бул сүрөт соцтармакта талкууга алынып, тартип сакчыларынын буга чейинки кылган аракеттерин эстешүүдө. Буга чейин милиционерлер баш ийбеген кыздардын видеолору коомчулукка жайылган эле. Алардын бири кыска шортик кийип, чуркоого чыктым деген кыз болсо, бири милияны сөгүп камакка алынган кыз болчу. Коомдо бул кыздардын кылыгын видеого тартып соцтармакка тарап кетиши боюнча тартип сакчылары бир топ сын пикирлерди угушкан болчу.

Количество просмотров: 1505