• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынган чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды

21 Бугу 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Чүй облусунда жүрүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында коңшу өлкөнүн жараны «К.Э.» кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган. Ошондой эле ал оор кылмыш ишин жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн.

Кармалган «К.Е.» Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 412