• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ооруканада Текебаевге карата күзөтүү колониядан дагы катуу режимде күчөтүлдү

1 Баш оона 201817:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.1.08.2018. Govori.TV.

Ооруканада Текебаевге карата күзөтүү режими колониядан дагы катуу режимде күчөтүлдү. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

» №47 түзөтүү колониясында текшерүүчү жабдуулар жок. Ооруканада Текебаевди күзөтүү 47 абактан дагы катуу көзөмөлгө алынып жатат»-дейт жактоочу Токтакунова.

Анын айтымында, партия лидери менен адвокаттар жолугуп чыгышты. Ал эми  үй-бүлөсү, балдары менен жолугууга «эрежелер туура келбейт» деген негизде уруксат берилбей, киргизбей жатышат, деп кошумчалады жактоочу.

Учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жолугууга уруксат алууга аракет кылып жатышат.

Белгилей кетсек,Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулганын билдирген. Дарыгерлер саясатчынын ооруканага которулганын “Азаттыкка” ырастап, учурда текшерүүдөн өтүп жатканын айтышткан.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын төрагасы, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертүү үчүн ооруканага убактылуу которууну анын үй-бүлөсү өтүнгөн.

 

Количество просмотров: 12