• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ооруканадан өрт чыгып 60 бейтап эвакуацияланды

18 Бештин айы 2023 11:03 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук оорукананын кардиология бөлүмүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ооруканадагы өрттү өчүрүүгө саат 6:58де Каракол шаардык ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 7:40та толук өчүрүлгөн.

Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 адам жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Ал эми тилсиз жоо оорукананын 12 чарчы метр шыбын кучагына алган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 312