• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ооз ачуу учурунда жигит кыздардан орундук талашып чыр салды

18 Чын куран 2022 17:59 Бишкек Govori.TV

«Айчүрөк» соода борборунда кыздар менен жигиттин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Окуя 17-апрелде болгон. Алар тамактануучу жайда орун талашып кетишкен. Кыздардын биринин айтымында, курбулары менен тамактануучу жайга барган. Арасында кош бойлуу келин да бар болчу.

«Жакын турган столго отуруп, буюртма бердик. Ифтар маалы жакындап калган. Бизге жигиттердин тобу келип, биз отурган столду ээлеп коюшканын айтышты. Маселени тынч жол менен чечүүнү каалаганбыз. Жигиттерге тамактануучу жайдын кызматкерлери стол ээленгенин айтышпаганын билдирдик»,-деп жазган ал.

Тасмадан кыздардын буюртмасы даяр болгондо ээнбаш жигит кыздын колунан тамагын жулуп алып, суусундукту столдун үстүнө төгүп салганын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 3029