• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оозу скотчтолуп, бакта байланган жарандын аты-жөнү такталды

23 Жетинин айы 2020 10:22 Бишкек Govori.TV

«Тёплые ключи» санаториясында колу менен буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган жарандын аты-жөнү такталды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-ноябрда билдиришти.

Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы О.Э. аттуу тургуну болгон. Бул факты боюнча кылмыш ишин иликтөөнү Ички иштер министрлиги жана Чүй облустук милициясы жүргүзөт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, 21-ноябрда Аламүдүн милициясынын нөөмөт бөлүмүнө «Тёплые ключи» санаториясында оозу, буту скотчтолгон адам бакта асылып турганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Количество просмотров: 6500