• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

OpenDemocracy: «Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булагы белгисиз бойдон калууда» 

23 Тогуздун айы 2018 19:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018.Govori.TV

Британиялык «OpenDemocracy» басылмасы Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкө башында турган учурунда  жүргүзгөн кадр саясаты, жемкорук маселеси туурасында  жазып чыккан.

Маалыматта «Өткөн жылы ноябрь айында Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өтө бай адамдарынын катарына кирген. Бирок, ал байлыктардын каяктан келгени белгисиз боюнча калууда»,-деп жазылган.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөн соң Кыргызтандык  маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө анын ар кандай кылмыш иштеринде аты чыгып, анын ишенимдүу адамдарына карата кылмыш иштери козголгону жөнүндө маалыматтар чыккан.

Алмазбек Атамбаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн премьер-министри болуп турган кезинде  5 944 долларга иштеген. Ал эми расмий маалыматтар боюнча Атамбаев  2015-жылы 111 205 доллар,  ал эми жубайы Раиса Атамбаева 580 860 доллар киреше  табууга жетишкен.

62 жаштагы Атамбаев көп жолу өзүнүн байлыгы менен мактанып келген. Бирок анын көп байлык чогултканга  каражаттар каяктан келээри билинген эмес.

 

Количество просмотров: 12