• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Опера жана балет театрындагы чыр: Артисттер кысым болуп жатканын айтышты

9 Жалган куран 2021 15:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришти. Басма сөз жыйында балет труппасынын кызматкерлери Марат Сыдыков, Екатерина Белоус, Фарух Садыркулов жана Айдана Аднаева мекемеде айлык акыга байланыштуу 7-8 көп бери чечилбей келе жаткан маселе бар экенин билдирип, 6-мартта орун алган окуянын себептерин айтышты.

«6-мартта болгон окуядан кийин ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатат. Анда айтылган эл аралык мамилелерден же кичинекей келишпестиктерден сахнага чыкпай койду деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бизге каршы ар кандай маанайдагы маалыматтар тарап жатат. Коммерциялык, бюджеттик спектаклдерде ойноп келишет. Биз коммерциялык спектаклге каршы эмеспиз. Ал өз убагында боло берсин. Бизде бюджеттик репертуарда ишемби, жекшемби күндөрү өтөт. Коммерциялык спектаклде артисттерге акы төлөнбөйт. 6-мартта болгон спектакль театр дагы, Маданият министрлиги дагы уюштурган жок. Үчүнчү жак, «Радужка» коомдук бирикмеси уюштурду. Биздин спектаклдердин баасы 100-450 сом. Коммерциялык спектаклге билет 1000-2000 сомго чейин чыгат», — деди Екатерина Белоус.

«Пандемия шартында театрда баарына бирдей мамиле жасалбай, жергиликтүү артисттердин катышуусундагы спектаклдер аз коюлуп, зал 50% араң толуп жатты. Биздин солисттер жумушу жок отурат. Ошол эле кезде коммерциялык спектаклдерде социалдык аралык сакталбай, зал толуп, билет баасы да кымбат сатылып жатат. 6-мартта өтө турган «Лебединое озеро» спектаклине чыкпай турганыбызды бир күн мурда айтып, кат жолдогонбуз. Алар кабардар болчу. Биз бул маселени 6-7 жылдан көтөрүп келебиз. Бирок көңүл сыртында калып келет»,-деди Марат Сыдыков.

«Биз мындай кадамга аргасыздан барганыбызды айткыбыз келет. 7-8 миң сом айлык алабыз. Бирок бийлегенде кийчү бир бут кийимибиздин баасы эле 120-150 доллар турат», — деди солист Айдана Аднаева.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын өкүлдөрү 6-марттагы чырдан кийин өздөрүнө жетекчилик тараптан ар кандай кысымдар болуп жатканын кошумчалашты.

Театрдын жетекчилиги солисттердин билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, 6-мартта опера жана балет театрында «Лебединое озеро» спектакли коюлмак. 17:00дө баштала турган спектакль өз мөөнөтүнөн кыйла кечигип, соңунда 40 мүнөт өткөндөн кийин жергиликтүү артисттер сахнага чыгып, орусиялык артисттер менен иштешпей турганын айтышып, көрөрмандардан кечирим сурашкан.
Кийинчирээк маалым болгондой, чыр-чатак эмгек акыга (гонорар) байланыштуу чыккан.

Труппанын өкүлү, балет репетитору Досмат Садыркулов театрда мурунтан бери көйгөй бар экенин билдирген. Чайковскийдин «Ак куу көлү» чыгармасын көрсөтүү үчүн Орусия балетинин көрүнүктүү артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйлов чакырылган.

6-мартка гана пландалган «Ак куу көлү» спектаклине билеттин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылган.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чырды атайын түзүлгөн комиссия иликтей турганын кабрлаган. Маалыматка караганда, комиссиянын ишине адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди. Алар он күн ичинде окуя боюнча эки тараптуу иликтөө жүргүзүп, театрдын жетекчилигине сунуш жибериши керек.

Количество просмотров: 122