• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Оппозициячылдардын жакындарына жасаган өзүм билемдиги үчүн тажик өкмөтү сынга калды

27 Тогуздун айы 20239:14 Бишкек Govori.TV

Норвегиялык Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) укук коргоо органдарынын оппозициячылдардын жакындарына жасаган өзүм билемдиги үчүн тажик өкмөтүн сынга алды.

Акыркы эки аптада оппозициячылардын жакындарынын үйлөрүндө электр энергиясы өчүрүлгөнү айтылууда.

“Мен Душанбени оппозициячылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырам”, — деди комитеттин баш катчысы Берит Линдеман

Уюм 25-октябрда тараткан билдирүүдө Тажикстандын демократиялык өнөктөш өлкөлөрүн мындай аракеттери үчүн Душанбени жоопко тартууга чакырган.

«Тажик бийлиги оппозиция өкүлдөрүнүн жакындарын сотсуз жазалаганда мыйзам үстөмдүгүн гана бузбастан, Евробиримдиктеги фундаменталдык эркиндикке да коркунуч келтирет», — деп баса белгиледи Линдеман.

Октябрдын башында Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Берлиндеги каршылык акциясынан кийин Тажикстанда оппозиция өкүлдөрүнүн элүүдөй тууган-туушканы кармалып, суракка алынганын билдирген.

Количество просмотров: 126