• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

6 Бирдин айы 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма өз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан 120 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан учурда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Р.Б. пара алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын тургунуна 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендиргенин билдирген.

Бул факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Жалал-Абад областтык тергөө камак жайына 2023-жылдын 12-мартына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүүнү улантууда. Ошондой эле, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 244