• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Опузалап пара алууга шектелген сот аткаруучу кармалды

12 Үчтүн айы 2024 11:32 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунда опузалап пара алууга шектелген сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 23-декабрынан тартып “С.” аттуу, Кара-Суу районунун сот аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде, аталган факты боюнча Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«2024-жылдын 11-январь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин, Ош облусунун Кара-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу жаран 20 миң сом атайын белги коюлган акча каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалган»,-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 399