• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Оренбург-Акбулак унаа жолунда жол кырсыгынан 4 киши мерт кетти

8 Бештин айы 201923:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-декабрда Оренбург-Акбулак унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тастыктады.

Маалым болгондой, кырсык Оренбург-Акбулак унаа жолунда катталган. Анда эки унаа сүзүшүп, өрттөнүп кеткен. Натыйжада унаадагы төрт адам каза болгон. Ал эми дагы үч жаран Соль-Илецк шаарынын ооруканасына жеткирилген.

«Учурда кырсык болгон жерде Кыргыз өлкөсүнүн Оренбург шаарындагы консулу жана диаспора өкүлдөрү иштеп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 356