• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оренбург менен Самарадагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлдү

5 Теке 2020 11:34 Бишкек Govori.TV

Россиянын Оренбург жана Самара облусттарындагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-июлда Оренбург жана Самара облустарынан 31 автобус менен 1 496 кыргызстандык мекенине жөнөтүлгөн. Алардын арасында жашы өткөн 27 адам, балалуу 21 эне бар.

«Бул тизмеге Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чатыр лагерде Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон кыргызстандыктар дагы кирди. Жолдо калган жарандар коронавирусту аныктоо боюнча акысыз тест тапшырган. Ал эми мигранттардын жол акысын коронавируска каршы республикалык штаб төлөп берди»,-деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин маалыматы боюнча, март айынан бери Орусиядан 57 абакаттамы уюштурулуп, 14 344 адам кайтарылган. Анын ичинде Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 51 автобус менен 2 470 кыргызстандык келген.

Количество просмотров: 253