Оренбургдан Бишкекке 164 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 20-майда «Тез Жет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты
«164 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылат. Бул рейс Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин КР ТИМден Оренбургдагы кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурула тургандыгын кабарлашкан болчу.