• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оренбургдан кайтып келе жаткан мигранттар ара жолдо калганын айтышууда

8 Бугу 2020 10:31 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга карай жолго чыгып, посттордон өтө албай калган мигранттардын видеосу жарыяланды.

Анда видеонун автору Москва шаарындагы хостелдерде 1 жарым ай жашаган кыргыздар мекенге кайтууда чек арадан өтө албай калганын билдирген. Мигранттар кыргыз бийлигине кайрылып, жардам сурап, алып кетүүсүн талап кылышууда.

«Соль-Илецкийге жетпеген аймакта 6-майдан бери турабыз. Москвадан өлкөгө кайткан кыргыздар 80ге жакын. Тамак-аш жок ачка калдык. 2 айдан бери өкмөттөн, консулдуктан жардам болгон жок. Жок дегенде ушул жерде калып калган элди алып кетсе болмок», — деп билдирген жаран.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жарыялангандан бери аба каттамдары токтотулуп, чек аралардан жүргүнчүлөрдү алып өтүүгө чектөө киргизилген. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн жарандарды чектөөлөр алынганга чейин өлкөгө кайтпай туруусун эскертип келет.

Количество просмотров: 195