Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Кыргызстан чет өлкөлөр менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиев “Тажрыйба алмашуу программасынын” алкагында өткөрүлгөн жолугушууда билдирди.
Иш чара Түрк кызматташтык координациялык агенттигинин колдоосунда курулган заманбап Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасында өткөрүлдү. Оорукана кыргыз тараптын сурануусу менен Тика уюму тарабынан каржыланып курулду. Органдарды алмаштыруу ооруканасы кыргызстандагы жаңы, заманбап жабдуулар менен жабдылган алгачкы ири бейтапкана болуп эсептелет.
Оорукананын аянты 12.000 чарчы метрди камтыйт. Органдарды алмаштыруу ооруканасында 2 операция жасоо бөлүмү, 3 тынымсыз сактоо бөлүмү жана бейтаптар үчүн заманбап керебеттер орун алган. Жалпы 71 керебет менен жабдылган.
ТИКАнын Бишкек координациялык агенттигинин жетекчиси Али Муслу: “Оорукана түрк элинен кыргыз элине берилген белек”, — деди “Тажрыйба алмашуу программасынын” алкагында өткөн жолугушууда.
Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы менен Түркиядан келген студенттер, кыргыз студенттери жана медиа өкүлдөрү таанышып, кенен маалымат алышты. Буга чейин кыргыз жарандары органдарын алмаштыруу үчүн чет мамлекеттерге барышса, эми Бишкете алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Түркиядан келген врачтар кыргыз медицина кызматкерлерине тажрыйбалары менен бөлүшүп тиешелүү билимдерди үйрөтүшөт. Ал эми ооруканага иштөө үчүн дарыгерлерди тартууда жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп, аларга көп орундар берилет. Жаңы доордо, заманбап технологияны өздөштүргөн дарыгерлерге басым коюуларын адистер баса белгилешти. Оорукана жакында толук бүтүп, колдонууга берилет.