• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Инандыга паспорт берүү боюнча соттук отурум кийинкиге жылды

16 Бештин айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Орхан Инандыга мыйзамсыз паспорт берүү боюнча соттук отурумду кийинкиге жылдырды.

Мамлекеттик айыптоо тарабынан күбөлөрдүн катышуусу камсыз кылынбаганына, ошондой эле прокурор алмашкандыгына байланыштуу кийинки отурум 2022-жылдын 10-январына жылды.

Эскерте кетсек, 10-июлда ИИМ 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгонун билдирген. ИИМден белгилешкендей, 2016-жылы Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия (Фарид Ниязов жетектеген) Түркиянын 10 атуулун кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарып, андан кийин жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин (Алмазбек Атамбаевдин) тиешелүү жарлыгы чыккан. Буга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече аткаминерге айып тагылган. 16-сентябрда кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны кармап, Түркияга алып келгенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Ниязов Жарандык маселелер боюнча комиссиянын башчылыгына 2012-жылдын февраль айында келген.

Количество просмотров: 148