• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орхан Инандынын жубайы: Шок абалдамын. Түркиядан табылат деп күткөн эмеспиз

6 Теке 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 35 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы аркылуу Түркияга жеткени маалым болду. «Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды  кыргыз бийлиги өз атуулун кайтарып келиши керектигин Govori.TVга билдирди.

«Биз жолдошумду Кыргызстанда деп ойлоп жатканбыз. Түркиядан табылгандан кийин үй-бүлөбүз менен шок абалда болдук. Биздин жаранды кантип чек арадан алып кеткенине таң калып отурабыз.  Күйөөмдүн кордукка кабылганын байкадым. Өңүнөн азып, колу шишип кеткени көрүнүп турат. Күч түзүмүндөгүлөр Орхан Инанды чет өлкөгө чыгарылып кеткен жок деп ишендиришкен. Бийлик өз жаранын алып келиши керек да»,-деди ал.

Эске салсак, Кыргызстандын жарандыгын алган Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган абалда табылган. Аны издөөнү президент Садыр Жапаров күч органдарына тапшырган.

Количество просмотров: 4367