• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жактоочу Токтакунова Орхан Инандынын жубайынын абалы тууралуу айтты

6 Теке 202110:37 Бишкек Govori.TV

Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматтары тарабынан кармалышы боюнча анын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайкүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

Жактоочу мыйзамдын негизинде Кыргызстандын жаранын кайтарып келүүнү талап кылды.

«Орхан Инандынын жубайы бүгүн дагы жалгыз, үн-сөзү жок митингге чыкканы жаткан. Бирок Рейхан Инанды жолдошун Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандан алып кеткенин билип, анын өңүнөн азып, бир колу шишиген сүрөтүн көргөндөн кийин дароо өзүн жаман сезе баштаган», — деп жазган ал.

«Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин түрк президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып билдирген.

Эске салсак, Кыргызстандын жарандыгын алган Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган абалда табылган. Аны издөөнү президент Садыр Жапаров күч органдарына тапшырган.

Количество просмотров: 883