• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Орокто сабалган өспүрүмдөрдүн абалы туруктуу

6 Кулжа 2019 9:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Орокто сабалган өспүрүмдөрдүн абалы туруктуу. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Орокто жаракат алган эки өспүрүмдүн учурда абалы туруктуу экени белгилүү болду. Алар 3-шаардык ооруканасында дарыланууну алып жатышат.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган өспүрүм башынан жабык жаракат алып, учурда нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми баш мээси чайкалып, башынан катуу жаракат алган экинчи өспүрүм бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которула турганы айтылды.

Саламаттык сактоо министрлиги бир өспүрүм комада жатат деген маалыматты четке какты.


Эскерте кетсек, Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. Таяк жеген балдар ооруканага жаткырылылган.

Теги:
Количество просмотров: 32