“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
Ош шаарынан келген 27 жаштагы Адеми Орозалиева юрист.
«Юридикалык жактан калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүп келебиз. Элдин юридикалык жактан билими аз экенин байкап, «Мыйзам чегинде» аталышындагы баракча аркылуу тыгыз иштеше баштадык. Коомго кандайдыр бир салым кошуп, артымда из калтыргым келет»,-деди Орозалиева.
Ошондой эле Адеми Орозалиева «Кыйын» долбоору аны жашоого шыктандырганын айтат.