Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарында өрттү чыгарганга шектелип, 42 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Эске салсак, өткөн жылдын 9-ноябрында Орто-Сай базарында өрт чыккан. ӨКМдин маалыматына ылайык, ал түнкү 00:18де башталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө беш өрт өчүрүү техникасы, ИИМдин кызматкерлери жана суу ташуучу унаа тартылган. Өрт 1 800 чарчы метр жерди каптаган. Тилсиз жоо түнкү саат 2:00дө чектөөгө алынып, эртең мененки саат 9дар чамасында толугу менен өчүрүлгөн.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 210-беренеси менен («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо») кылмыш иши козголгон.