• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орто-Сай базарынын соодагерлери жол тосту. Мэрия эмне дейт?

13 Бештин айы 2021 17:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин базарларында жумасына бир санитардык күн болот, бирок аны катуу сактоо зарыл. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаңы жылдык майрамдардын алдында жана калаанын базарларындагы кичи ишкерликти колдоо максатында, базарларда мурдагыдай эле жумасына бир санитардык күн өткөрүлөт. Мындай тапшырманы район акимдерине борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев тапшырды. Мэр акимдерден базар кызматкерлери арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эмдөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылган.

» “Орто-Сай” базарынын соодагерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптар бир нече жолу бузулуп, дезинфекциялоо иш-чараларына арналган күнү ишкердик жүргүзүлгөн. Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан сатуучуларга 17500 сом өлчөмүндө антисанитардык акт түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген убактылуу санитардык нормаларды жана эрежелерди аткарууну бузгандыгы үчүн Санэпидкөзөмөл борбору тарабынан базардын чарбакер субъекттерине карата 52 500 сом суммасында 28 айып пул салынган»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкектеги Орто-Сай базарында иштеген соодагерлер дүйшөмбү күндөрү болчу санитардык күндү жокко чыгаруу талабы менен Сүйөркулов көчөсүн тосуп алышкан.

Количество просмотров: 1498