• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орун басардан жаңы сөз: «Албеттүү түрдө» чара көрөбүз

7 Кулжа 2022 12:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Улан Примов «Акыйкатчынын 3 жылдык ишмердүүлүгү» боюнча баяндамасында, омбудсмен тарабынан берилген сунуштарга көпчүлүк учурда ИИМ жана Прокуратура тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй калат деген билдирүүсүнө таянып, атайын мекеменин кызматкерлерине суроо узатты.

«Мен ИИМ менен Прокуратурага кайрылгым келип жатат. Акыйкатчы Атыр Абдырахматова келтирген жүйөөгө макулсуздарбы же каршысыздарбы?»,-деп суроо узатты.


Бул суроого ИИМ нин орун басары Эркебек Аширходжаев жооп берди.


«Эгерде Омбудсмен тарабынан мыйзам бузуулар боюнча каттар келсе, ошого ылайык «албетүү түрдө» чара көрөбүз»,- деген жооп айтты.

Количество просмотров: 2947