• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орунбеков маалымат каражаттарын кырсык менен кылмыш тууралуу жазбоого үндөдү

2 Бугу 2023 12:21 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды туристтик сезон алдында терс кабарларды жазбоого чакырды. Ал билдирүүсүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, өлкөдө болуп жаткан негативдүү көрүнүштөр туристтик сезонго терс кесепетин тийгизбей койбойт.

«Алдынкы айларда туристтик сезон башталат. Андыктан негативдүү маалыматтарды, туристтерди чочулаткан жаңылыктарды көп таратпай турсак. Тилекке каршы, Нарында мас болуп алып жаш баланы зордуктап өлтүргөн, Таласта мал базардагы жапайычылык жазалоо деген сяктуу көрүнүштөр туристтик сезонго кесепетин тийгизет. Аны болсо биз барыбыз жарышып таратып жатабыз. Жаманды жашырып, жакшыны ашыралычы. Мына ушундай окуядан кийин Таласка, Нарынга бирөө келеби?! Туризм өнүккөн башка өлкөлөрдө деле кылмыш, кырсыктар болот, бирок алар жарыялап, өз мамлекетинин кадыр баркын төмөндөтпөйт.

Мүмкүн болсо жагымдуу маалыматтарды чет тилдерде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле. Ал эми кырсык, кылмыштарды зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифтер менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт. Кырсык менен кылмыштын алдын алуучу, кесепети менен күрөшүүчү тийешелүү тармактарыбыз деле кемчилиги болсо да кудайга шүгүр иштеп жатышат.
Албетте бул пикирге айрымдар кошулбашы мүмкүн. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, ар бириңиздердин өз пикириңиздер бар. Айрыкча соцтармактарда бирдеме десең эле бөйрөктөн шыйрак чыгарчуларыбыз да көп. Эркин медиалардын көз караштары, принциптери, пикирлери да ар кыл болушу мүмкүн. Бирок, урматтуу мекендештер, көз караштарыбыз окшош болбосо дагы мамлекеттин имиджин көтөрө турган маселеде бирдиктүү болсок», — деп жазган Орунбеков.

Количество просмотров: 68