Республика боюнча 224 мыйзамсыз курулган объекттер аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштардын саны 147.
«Алардын ичинен: 77си турак жай объектиси. Бишкек шаарында — 38; Ош шаарында — 17; Ош облусу боюнча — 6; Жалал-Абад облусу боюнча — 7; Чүй облусу боюнча — 8, Нарын облусу боюнча — 1. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн. 504 миң сом өндүрүлгөн»,-деди Орунтаев.
Орунтаев мындан сырткары Бишкекте мыйзамсыз курулган 38 турак-жай эмне болорун айтты.
«Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкармалык өткөн жумада сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган. Булар эч кандай уруксат кагазын алышкан эмес. Аталган үйлөрдүн сапатына дагы жооп бере албайбыз. Азыр соттун чечимин күтүп жатабыз»,-деди ал.