Орусиянын Оренбург облусунда орус-казак чек арасында 11-майдан бери мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн өзбекстандык мигранттар топтоло баштады. Алар казак тарап чек арасын 11-майда ачары тууралуу маалыматтан улам жыйналганын айтышууда. Бирок Нур-Сулан коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салынмайынча сырткы чек арасын ачпай турганын билдирген.
Өзбекстандык жарандар казак бийлигинен аларды өткөрүп жиберишин суранып жатат. «Азаттыктын» өзбек кызматы мындан башка дагы орус-казак чек арасында өзбекстандыктар жыйнала баштаганын жазды.
Өткөн аптада кыргыз өкмөтү Орусиядан 541 эмгек мигрантын Казакстан аркылуу мекенине алып келген.
Казакстан чек арада топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болуп, бирок алар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын айткан жана жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койгон.
Булак: Азаттык.