Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектиги тууралуу сунуш айтылды. Мындай сунушун кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев айтып, себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүрдү.
“Радикалдуу сезилиши мүмкүн, бирок ойлоно турган иш. Конституцияга мамлекеттик жана эл аралык деп кыргыз тилин жазышыбыз керек. Дүйнөнүн 60% ашыгы англис тилинде сүйлөйт. Оруска көнүп калып, чыга албай жүрө берсек, менимче, болбойт. Адамдын табияты ошондой – муктаждык болбосо эч нерсе үйрөнбөйт, иштегиси да келбейт, жата берет. Муктаждык кылышыбыз керек. Кыргыз тилин эле калтырып, калган тилдерди жакшы мыйзам кабыл алып жазышыбыз керек. Өнүктүрүү зарыл, жолтоо болбош керек. Антпесек кыргыз кыргыз болбой кала турганбыз”, — деди ал.
Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарды. Аны талкуулаш үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн.