• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда баңгизатын сатып өткөрүүгө шектелген кыргызстандык соттолду

28 Жетинин айы 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.11.2018.Govori.TV.
Орусиянын Челябинск шаарынын Тракторозаводский райондук сотунун өкүмү менен баңгизатын сатып өткөрүүгө шектелген кыргызстандык Адилходжаев менен Орусиянын жараны Белявский соттолду. Бул тууралуу Челябинск облусунун прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Адилходжаев 8 жыл 6 ай түзөтүү колониясында жаза өтөмөк болду. Мындан тышкары ал 100 миң рубль айып төлөйт. Белявский 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып төлөө милдеттендирилди. Айыпталуучу 3 жыл түрмөдө, калган жылын түзөтүү мекемесинен жаза өтөйт.
Адилходжаев менен Белявский 2017-жылдын июнунда 8,6 килограмм героинди сатып өткөрүүгө айыпталууда.
Количество просмотров: 25