• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Орусия «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады

7 Жалган куран 2022 18:29 Бишкек Govori.TV


Орусия «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Россия Федерациясынын өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, буйрук президенттин 2022-жылдын 5-мартындагы “Айрым чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун убактылуу тартиби жөнүндө” жарлыгынын алкагында даярдалган.

Кара тизмеге Австралия, Албания, Андорра, Улуу Британия, анын ичинде Жерси, Англия, Британ Виргин аралдары, Исландия, Канада, Норвегия, Корея, Түндүк Македония, Сингапур, АКШ, Тайвань, Украина,Швейцария, Япония жана башкалар кирген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айында Орусиянын өкмөтү «дос эмес» өлкөлөрдүн тизмесин түзгөн. Ага АКШ менен Чехия кирген. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров аталган тизмеге эч бир өлкө себепсиз киргизилбей турганын, терең талдоо жүргүзүлгөндөн кийин гана чечим кабыл алынарын белгилеген.

Количество просмотров: 16337