• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусия элчилигине бомба коюлганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

5 Теке 202212:42 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы бомба бар экенидиги тууралуу маалымат текшерүүгө алынып, жалган чакыруу болуп чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде сапёрлор жана милиция кызматкерлери барып, аймак курчоого алынган. Текшерүүдөн кийин бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Эске салсак, бүгүн саат 11.00дөр чамасында 102 номуруна белгисиз бирөөлөр чалып, өкүлчүлүктүн имаратына жардыруучу зат коюлганын билдиришкен.

Количество просмотров: 156