• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусия өзбек мигранттарын Казакстан аркылуу поезд менен ташууну пландоодо

3 Аяк оона 2021 13:33 Бишкек Govori.TV

Орусия курулуш иштери үчүн өзбек мигранттарын атайын поезд менен Казакстан аркылуу алдыртууну пландоодо. Бул тууралуу ТАСС Орусиянын транспорт министринин орун басары Никита Стасишинге шилтеме берүү менен билдирди.

«Биз Өзбекстан мигранттарын тандоо, аларды эмдөө, Орусияга жеткирүү маселелерин ойлонуштуруп жатабыз. Эң коопсуз жол – Казакстан аркылуу поезд менен жеткирүү», — деди Стасишин.

Мигранттарды тандоо жыл соңуна чейин ишке ашары айтылды.

Орусия мигранттарды айыл чарба тармагына тартууну да пландап жатат. Март айынан бери мигранттар Орусияга учак менен гана бара алышат. Жумуш берүүчүлөр жол чыгымы көп болуп жатканына даттанышууда.

Жумуш күчүнүн жетишсиздигинен Орусияда мөмө-жемиштердин 20 пайызы жыйналбай калган.

Май айында Тажикстан менен Өзбекстан мигранттарына киргизилген чектөөлөр алынган. Бирок бул натыйжа берген эмес. Себеби учакка билет баасынын кымбаттыгынан көптөгөн мигранттар Орусияга бара албай калышкан.

Количество просмотров: 524