• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орусияда 16 жаштагы кызды ала качкан өзбекстандык кармалды

1 Аяк оона 2023 10:10 Бишкек Govori.TV

Калининград облусунда Өзбекстандын 22 жаштагы жараны кармалды. Ал 16 жаштагы кызга үйлөнүү үчүн ала качууга аракет кылган.

Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин облус боюнча башкармалыгы билдирди.

Baza Телеграм каналы кабарлагандай, өзбекстандык Калининграддагы “Империал парк” ат клубунда иштеген. Ал жерге машыгууга келген кыз жигиттин көңүлүн бурган. 29-август күнү кечинде ал кызды клубдун чыга беришинде ала качып кеткен.

Шектүү кызды жакын жерде жайгашкан өзүнүн бөлмөсүнө күч менен сүйрөп барган. Ал жерде аны бир нече саат кармап, андан соң бычак менен коркутуп, унаага салып, Өзбекстанга учуу үчүн аэропортко алып кеткен.

Полиция кызматкерлери өзбекстандык жаранды аэропорттун күтүү залында кармашып, кыз ооруканага жеткирилген.

“Жашы жете элек адамды курал колдонуу жана өмүрүнө коркунуч келтирүү менен уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 141