Россиянын Волгоград облусундагы Суровикино шаарындагы катаал режимдеги түрмөнү абакта жаткандар басып алышты. Алар бир нече адамды барымтага алышканын Федералдык жаза аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгы билдирди.
Расмий маалыматка караганда, бул окуя дисциплинардык комиссиянын отуруму өтүп жаткан учурда болду. Барымтадагылар Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери. Азырынча канча адам барымтага алынганы белгисиз. «База» басылмасы түрмө башчысы Андрей Девятов баш болгон түрмөнүн беш кызматкери качып чыгууга үлгүргөнүн жазды.
Учурда барымтадагыларды бошотуу аракеттери жүрүп жатат. Расмий маалыматта жаракат алган адамдар бар экени айтылды.
«ТАСС» жарыялаган маалымат боюнча, Жаза аткаруу кызматынын кызматкери көз
жумду. Акыркы маалыматтарга таянсак, барымтага алынгандардын арасынан 4 адам
шаардык ооруканага жеткирилген.