• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда эл аралык мелдеште Акжол Махмудов финалга чыкты

16 Бирдин айы 2020 1:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Орусиянын Новокузнецк шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу машыктыруучу Шухрат Ушуров “Маралга” билдирген.

Маалыматка ылайык, Акжол Махмудов финалда дагы бир кыргызстандык балбан Кайрат Түгөлбаев менен күч сынашат.

Алгачкы беттешинде Акжол Орусиянын Алтай аймагынан келген Владислав Чупахинди мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, эл аралык мелдеш Орусиянын Новокузнецк шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Олениктин жаркын элесине арналган.

Количество просмотров: 1613