• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусияда интернет үзгүлтүккө учурады

31 Үчтүн айы 20249:12 Бишкек Govori.TV

Шейшемби күнү кечинде Орусияда интернет иштебей калды. Эксперттердин белгилешинче, бул өлкө тарыхындагы эң масштабдуу үзгүлтүк болушу мүмкүн.

RU зонасындагы жүздөгөн веб-сайттар, мобилдик тиркемелер жана сервистер нече саат бою ачылган жок. Анын ичинде Яндекс, Сбербанк, ВКонтакте, Ozon кызматтары, ошондой эле Мамлекеттик кызматтар порталы да бар.

Интернеттин үзгүлтүккө учураганы тууралуу даттануулар өлкөнүн бардык аймактарынан гана эмес, чет өлкөлөрдө жайгашкан колдонуучулардан да түшүп жатты.

Орусиянын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мүчүлүштүк DNS протоколун кеңейтүүгө байланыштуу техникалык көйгөйдөн улам келип чыкканын маалымдады. Министрлик кыска мөөнөттө орус сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө убада берген.

Количество просмотров: 94