Бишкек.03.08.2019.Govori.TV.
Орусиянын Омск аймагында жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кетип, Кыргыз айдоочунун жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Окуя бүгүн, 3-августта болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаада 3 киши болгон. Алар кырсыктан улам унаага кысылып калышкан. Жериндеги күбөлөр куткаруучу кызмат келгиче кырсыкка кабылгандарды алып чыгышкан. Кырсыкка кабылгандардын бардыгы аман калышып, ар түрдүү жаракаттарды алышкан.