• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Орусияда кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти

3 Теке 2019 11:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тастыкташты.

ММКда айтылган маалыматтарга ылайык, окуя 2-июлда күндүз саат үч-төрттөрдө Каримов жашаган үйдүн жанында болгон. Кылмышкерлер маркумдун сумкасынан акчасын алып, из жашырганы айтылууда.

Ал эми Кыргызстандын орус элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова расмий маалыматтар такталып жатканын жана иш көзөмөлгө алынганын айтып, Екатеринбургдагы консулдук иштеп жатканын белгилеп өттү.

Количество просмотров: 3