• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусияда кыргызстандык балбан атайын операция учурунда өлтүрүлдү

7 Баш оона 2020 19:36 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ингушетия Республикасында террористтерди жок кылуу операциясында балбан Муслим Евлоев өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Интерфакс” басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине көмүскөдөгү бандиттик топтун мүчөсү үйлөрдүн биринде жашынып жаткан болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Назрандагы темир жол станциясынын аймагындагы үйлөрдү текшерүү учурунда атышуу болгон.

Кийин өлтүрүлгөн адамдардын өздүгү такталып, алардын бири 25 жаштагы Муслим Евлоев экендиги аныкталган.

Муслим Евлоев  2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын атынан мелдештерге катышып жүргөн. Ал Бакуда жана «Яшар Догу» эл аралык турниринде жеңүүчү болуп, 2017-жылы Индиядагы Азия чемпионатында коло, 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын медаль уткан.

Количество просмотров: 2306