• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусияда кыргызстандык таксистке ок атылды (видео)

4 Бештин айы 2021 11:00 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва шаарында кыргызстандык таксист менен уруша кеткен жолтандабастын айдоочусу ок чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Элчилик таксист Кыргызстандын 23 жаштагы Алманбет Абдрахманов аттуу жараны экенин билдирди.

“Мекендеш окуя болгондон кийин ооруканага жаткырылган. Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынды. Кыргызстандын жаранына тиешелүү консулдук жардам берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Россиянын ЖМКлары окуя Чоң Грузин көчөсүндө болгонун жазып чыкты. Анда ок чыгарган айдоочу из жашырып кеткени айтылууда.

Количество просмотров: 23761