• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Орусияда Кыргызстандын жараны уурдалды. Шектүүлөр колго түштү

24 Чын куран 202014:52 Бишкек Govori.TV

Москвада адам уурдоого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу «Москва» маалымат агенттиги полициядагы булактарга шилтеме берүү менен жазды.

Укук коргоо органдарына Москва шаарынын жашоочусунан арыз түшкөн. Анын айтымында, Тишинский менен Грузинский көчөлөрүнүн кесилишинде беш киши бир адамды сабап, андан кийин аны «Ауди А6» унаасына салып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында издөөдө жүргөн унаа табылды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Армениянын жарандары кармалган. Жабырлануучу дагы табылып, ал дагы Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Алардын баары полициянын тергөө кызматына жөнөтүлдү.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 5554