Москвада мекендештеринен акча опузалаган делип эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында белгисиз адамдар Кыргызстандын жаранын коркутуу жолу менен унаага салып, аны алып кеткен. Андан соң батирде кармап, 1 млн рубль акча талап кылып, 78 миң рублин алып кетишкен. Эртеси жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.
Жогорудагы факты боюнча Россиянын тергөө комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
«23-августта шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан. Алар Талас облусунун 29 жаштагы М.Э. аттуу тургуну (Савалев базарындагы кыргыздар үчүн “смотрящий” криминалдык статуска ээ) жана Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы Ж.уулу Н. аттуу тургуну экени аныкталган»Ю-деп айтылат маалыматта.
Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.